СУУК ТУМШУК БОЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жек көрүнчү болуу, жаман атка конуу деген маанилерде колдонулат. Менин ошо кадырымды жанагы атың өчкөн Кулет дей турган сынган кернейдей болгон суук тумшук кара санатай ит тепсеп отурбайбы (Ш.Үмөталиев). Иштебегендер элге-журтка суук тумшук болуп калучу (Байтемиров). Башта суук тумшук болуп, эл-журттан бөлүнүп калганын эми түшүндү (Байтемиров). Кызматыма да, үйүмө да суук тумшук болуп баратам («Чалкан»).